• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат

Спорт 0

Бишкек, 21.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов, Кыргызстандын бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев, бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Орзубек Назаров жана атайын келген коноктор катышышты.

Белгилей кетсек, мелдешке Беларусь, Түштүк Корея, Монголия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан келген мушкерлер катышууда. Беттештер 24-мартка чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий