• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионатын болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 28-31-октябрь күндөрү өтүп, ага 66 боксчу катышкан. Жалпы беттеште спортчулар 8 салмак ченинде күч сынашты.

46-52 кг салмакта биринчи орунду бишкектик Туркбай уулу Мирлан жеңди. Ал эми 57 кг салмакта Эсенбек уулу Акылбек, 63 кг салмакта Кадырбек уулу Арген, 69 кг салмакта Маматалы уулу Нурсултан, 75 кг Бекжигит уулу Өмүрбек, 81 кг Адылбек уулу Эркин, 91 кг Ырысбек уулу Рустам, 91 кг салмактан жогоркулар арасында Хакимов Шермахамад алтын медалды жеңди.

Мелдешти уюштурууга спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 117 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий