• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Болот Миңжылкиев атындагы эл аралык опера фестивалы старт алды

Маданият 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Болот Миңжылкиев атындагы IV Эл аралык опера искусствосунун фестивалы старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Фестиваль Джузеппе Вердинин "Аида" операсы менен ачылды.

Маданий иш-чарага Россия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера сахнасынын жылдыздары, мыкты вокалисттери катышат. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар тартууланмакчы.

Фестиваль 25-апрелде легендарлуу Александр Бородиндин "Князь Игорь" операсы менен аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий