• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте Борбор Азия боюнча биринчи кытай китепкана дүкөнү ачылды

Коом 0


Бишкек, 27.10.17. /Роман Гайнанов – Кабар/. Бүгүн Бишкекте Борбор Азиядагы биринчи “Шанс” аталыштагы кытай китепкана дүкөнүнүн салтанаттуу ачылышы болду.

Иш-чарага КР ЖК өкүлдөрү, КР Өкмөтү, Бишкек шаардык мэриясы, коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенциянын жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Аталган иш-чара “Чыгыш адабияты жана искусство” басылма компаниясынын колдоосу менен ишке ашууда. “Чыгыш адабияты жана искусство” басылма компаниясы Кыргызстанда 2016-жылдын ноябрь айынан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Компаниянын ишмердүүлүгүнүн башкы багыты бул – кытай жазуучуларынын китептерин кыргыз жана казак тилдерине которуу.

Дүкөндө Кытайдын тарыхы, экономикасы жана кытай тили адабияты боюнча китептерди табууга болот.

Пикир

Оставить комментарий