• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Борбор Азия кино фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. 27-28-июлда Бишкекте Борбор Азиялык “Тирүү мурас: жашоо акылмандыгы” аталышындагы кино фестивалы жана Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Монголиянын материалдык эмес маданий мурастын элементтери жөнүндө сүрөт көргөзмөсү өтөт.

Маданий иш чаралар ЮНЕСКОнун улуттук комиссиясы тарабынан уюштурулууда.

Иш чараны өткөрүү Борбор Азия жана Монголиядагы материалдык эмес маданий мурастын элементтерин сактап калууга, жайылтууга багытталган.

Фестивалдын ачылыш аземи 27-июлда саат 10:00дө “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт.

Ал эми сүрөт көргөзмөсү Курманжан Датканын эстелигинин жанында уюштурулмакчы. Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий