• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Борбор Азиядагы суу маселелерине арналган илимий конференция өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 22-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунда “Суу - Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүндө” деген аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

КР УИАнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада азыркы учурда актуалдуу болуп турган климаттык өзгөрүүлөр, Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү суу ресурстарын пайдалануудагы жана мөңгүлөрдүн эрүүсүнө байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле конференция “Суу ресурстарынын эл аралык күнүнө” карата уюштурулуп, окумуштуулар доклад окуп, талкууларга катышышты.

Конференцияда Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун директору, КР УИАнын академиги Дүйшөн Маматканов акыркы он жылда БУУ бул күнгө жана суу маселесине өзгөчө көңүл бөлүп жатканын белгилеп: “Суу жана суу ресурстарын пайдалануу маселеси бүткүл дүйнө боюнча глобалдуу көйгөйгө айланды. Борбор Азия үчүн дагы транс чек аралык суу ресурстары, сугат маселеси маанилүү болгондуктан, ага байланышкан иш-чаралар менен илимий-изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. Анткени, суу – биздин жалпы кенчибиз болуп эсептелгендиктен, биргелешкен аракеттерди талап кылууда”, – деген оюн айтты.

Ал эми Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун башкы илимий кызматкери, геология-минералогия илимдеринин доктору Шейшеналы Усупаев өтүп жаткан иш-чара жөнүндө оюн айтып: “Бүгүнкүдөй конференцияларды өткөрүү жана биргелешип иштешүү менен Борбор Азия өлкөлөрү сууга байланышкан маселелерин жөнгө салууга жетишет. Бир мисал келтире турган болсок, аны менен чектеш өлкөлөрдүн чектешкен жериндеги суу талашуу көйгөйүн жоюуга болот. Андан сырткары, иштин натыйжалуулугу үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун үстүнөн дагы иштеп жатабыз”, - деди.

Илимий-практикалык конференцияга КР УИАнын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун кызматкерлери, ЖОЖдордун окутуучулары, илимий борборлордун өкүлдөрү жана башка окумуштуулар катышты. Аталган иш-чара улантылып, эртең 23-мартта Кыргызстандын илимпоздору менен катар Тажикстан жана Казакстан өлкөлөрүнүн окумуштуулары илимий докладдарын сунушташат.

Пикир

Оставить комментарий