• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте борбордогу кеңселердин бирин тоноп кеткен жаран кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бишкекте кеңселердин бирин тоногон жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-апрель көчөсүндө жайгашкан имараттын кеңсесинен уурулук фактылары боюнча милицияга арыз менен үч жаран кайрылган.

Кылмышкер М.Р. аттуу жарандын 80 миң сомдук Apple MacBook Pro 13 үлгүсүндөгү телефонун, М.Д. 40 миң сомдук Lenovo үлгүсүндөгү ноутбугун, С.Д. жалпы баасы 96 миң сомдук iPhone 10 жана iPhone 11 Pro Max үлгүсүндөгү телефондорун уурдап, изин жашырып кеткенин айтышкан.

Бул фактылар Октябрь РИИБге “Уурдоо” беренеси менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делип 42 жаштагы П.П. кармалып, ал тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий