• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бош орундар жарманкеси аркылуу 400 адам жумушка орношту

Коом 0

Бишкек, 18.03.19 /Кабар/. Кыргызстандын Эл аралык университетинде 15-март күнү бош орундар жарманкеси өттү. Аталган иш-чара Эл аралык кызматташуу боюнча GIZ Герман коомчулугунун колдоосу астында жумуш орундар менен камсыз кылуу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан уюштурулган.

Аталган жарманкеде Бишкек шаары боюнча ар кандай тармактагы 4 миң бош орун сунушталган. Иш-чарада окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жана жумушсуз адамдар кызмат сунуштаган тарап менен жолугуп, келечектеги жумуш орунун тандоого мүмкүнчүлүк пайда болгон.

Бул жарманкеге келген 26 жаштагы Аскар өзүнүн ою менен бөлүшкөн: “Мен учурда бошмун. Борбордук башкармалыгы тарабынан уюштурулган бул жарманкенин эң жакшы жагы – ар кайсы тармактардагы адамдар менен таанышып, өзүңө ылайыктуу иш табуу мүмкүнчүлүгү. Мен билимим боюнча ашпозчумун, бирок, учурда баардык жумушка иштей берем. Бул жарманке аркылуу мен бир нече чакыруу алдым”.

Иш-чарага 30дан ашык мекеме жана уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий