• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте “BURANA FASHION WEEK-2019” алкагында саркеч кийимдер көргөзмөсү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 26.11.2019 /Кабар/. Бишкекте “BURANA FASHION WEEK-2019” алкагында саркеч кийимдер көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмө Кыргызстандын Mezgil Еasy” жаш дизайнерлер ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

“Биз баардык каалоочуларды Кыргызстандын эң мыкты жаш дизайнерлеринин колунан жаралган кийимдер көргөзмөсүнө катышууга чакырабыз. Иш-чара “BURANA FASHION WEEK-2019” эл аралык мода жумалыгынын алкагында өтүүдө”, - дейт Кыргызстандын жаш дизайнерлер ассоциациясынын өкүлү Ынтымак Абдуллаев.

Экспозиция С.А.Чуйков атындагы КРнын Сүрөтчүлөр бирикмесинде 26нан 29-ноябрга чейин ачык болот.

Пикир

Оставить комментарий