• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте маркум Бурулайдын граффити-портрети тартылды (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 23.11.18. / Кабар/. Логвиненко көчөсүндөгү Бишкек медициналык колледжинин жатаканасынын имаратынын сыртында маркум Бурулай Турдалы кызынын портрети тартылды.

“Ал кыздын кейиштүү окуясын баары билет деп ойлойбуз. Эмгегибиз гендердик зомбулукка, алсак, аял кишиге жана кыздарга карата зомбулук көрсөтүү маселесине коомчулуктун назарын бурууга жана коомду аял киши, кыздарды никеге туруу үчүн ала качууну токтотуусуна чакырат”, - деп жазган сүрөттүн авторлорунун бири стрит-арт сүрөтчүсү Сергей Келлер.

Анын айтымында, бул иши менен “Аялдарга жардам борбору” коомдук бирикмеси уюштурган жалпы улуттук кампаниясынын иш-чараларын баштайт. Мындай иш-чаралар жыл сайын 25-ноябрдан (Эл аралык аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү күнү) 10-декабрга (Адам укуктарынын эл аралык күнү) чейин өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий