• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте БУУ Кыргызстандын жаратылышты коргоо боюнча резолюциясын колдогондугу боюнча брифинг өттү

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-апрелде Тышкы иштер министрлигинде БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргызстан тарабынан демилгеленген “Жаратылыш чек араны билбейт: чек ара кызматташтыгы - биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун, калыбына келтирүүнүн жана туруктуу пайдалануунун чечүүчү фактору” аталыштагы резолюцияны колдогондугу боюнча брифинг болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, ага Бишкек шаарында аккредитацияланган дипломатиялык корпус, ПРООН, Ак илбирсти сактоо боюнча фонду жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Резолюциянын максаты — туруктуу өнүгүү жана 2030-жылдын күн тартибине негизделген жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу менен келечек муундарды таза, коопсуз жана туруктуу чөйрө менен камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча чек аралар аралык кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат.

2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлөрдөгү мекемелер тарабынан долбоорду илгерилетүү боюнча кеңири эл аралык кампания жүргүзүлдү. Анын ичинде каттоодон өткөн өлкөлөрдө ар кандай форматтагы презентациялар, БУУга мүчө мамлекеттери менен долбоордун текстин макулдашуулар.

Резолюцияны кабыл алууда жалпы мамлекеттердин колдоосу менен катар, 60 мамлекет Кыргызстандын резолюциясына авторлош болушту: Афганстан, Армения, Азербайжан, Беларусь, Бутан, Боливия, Буркина-Фасо, Камерун, Борборафрика Республикасы, Чили, Кытай, Колумбия, Коста-Рика, Куба, Жибути, Доминика Республикасы, Египет, Экваториалдык Гвинея, Эфиопия, Гамбия, Гренада, Гватемала, Гвинея, Гайана, Индия, Япония, Иордания, Казакстан, Лаос, Ливан, Лесото, Малайзия, Мальдивы, Мавритания, Монголия, Марокко, Мозамбик, Науру, Непал, Никарагуа, Нигерия, Парагвай, Перу, Филиппины, Катар, Румыния, Россия Федерациясы, Руанда, Сент-Люсия, Сент-Винсент жана Гренадины, Сенегал, Сингапур, Тажикстан, Того, Тунис, Түркмөнистан, Өзбекстан, Вьетнам, Замбия, Зимбабве.

Пикир

Оставить комментарий