• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте быйыл мектепти 8 миң 233 окуучу аяктайт

Билим 0

Бишкек, 19.05.22./Кабар/. Бишкектин мектептердин акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 9-июнда саат 9:00дө борбор калаанын бардык мектептеринде акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу линейкалар өтөт.

Мэриядан белгилешкендей, быйылкы окуу жылында 9-классты 14 миң 257 окуучу жана 11-классты 8 миң 233 бүтүрүүчү аяктап жатат. Жалпысынан Бишкек шаарындагы 97 мектепте 177 миң окуучу билим алат.

Эскерте кетсек, КР мыйзамына ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин “Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу жөнүндө” буйругунун негизинде Бишкектин жалпы билим берүү мекемелеринде акча чогултууга тыюу салынат.

Мыйзамсыз акчалай жана башка каражаттарды өндүрүү фактылары аныкталса, билим берүү уюмунун класс жетекчилери жана башка кызматкерлери тартиптик жазага тартылышат.

"Эгерде сизден же жакындарыңыздан акча талап кылынса, төмөнкү байланыш номерине кайрылсаңыз болот: +996312613972; +996504110121", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий