• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте былтыр 2 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, андан 72 адам каза болгон

Коом 0

Бишкек, 18.01.21./Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында 12 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек ШИИББнын орун басары Эрлан Атантаев жана милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков жана анын орун басарлары, башкармалыктын полкунун командири жана бөлүм башчыларынын катышуусунда 2020-жылды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлүп, аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Алсак, Бишкек шаарынын аймагында 12 ай ичинде жалпысынан 2 миң 183 жол кырсыктары катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 428ге азайган. Жол кырсыгынан жаракат алган жарандардын саны 2 миң 860ты түзүп, өткөн жылдын 12 айына салыштырмалуу 430га төмөндөгөн. Ал эми жол кырсыгынан 72 жаран көз жумуп, өткөн жылга салыштырмалуу 11 жаранга азайгандыгы айтылды.

Жалпысынан алганда 12 ай ичинде Бишкек шаарынын аймагында өткөн жылга салыштырмалуу 16,39 пайызга жол кырсыктары азайгандыгы байкалган. Бул көрсөткүч кайгуул милициянын бөлүнгөн аймактарда кайгулдоо учурунда айдоочуларга түшүндүрүү жана үгүттөө иштеринин натыйжасы экендиги байкалган.

Ошондой эле түзүлгөн протоколдордун саны 206 миң 147ни түзүп, өткөн жылгы салыштырмалуу 127 миң 177ге көп толтурулган. Аларга жалпысынан 316 млн 975 миң 500 сом айып салынып, бүгүнкү күндө 121 млн 885 миң 120 сом өндүрүлгөн.

Алардын ичинен:

- мас абалында авто унаа башкаруу - 3 015;
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 1 004;
- автоунааны айдоочулук күбөлүгү жок айдоо - 3 785;
- мындан башка толтурулган протоколдор - 198 343.

Андан сырткары, 12 ай ичинде 20 миң 854 автоунаа убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди.

Ошондой эле кеңешмеде коомдук коопсуздук жана “102” линиясы боюнча жарандардан түшкөн кайрылууларды ыкчам жана сапаттуу тейлөө боюнча ишмердүүлүктүү күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий