• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте үч аял бала сатып жаткан жеринен кармалды

Коом 0

Бишкек, 28.02.19 /Кабар/. Бишкекте баласын сатып жаткан жеринен 31 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады. Ага жардам берип жүргөн 50 жана 26 жаштагы эки аял дагы кармалган.

Милицияга өз баласын сатууга аракет кылып жаткан келин тууралуу маалымат түшкөн.

Сатып алуучу болуп барган милиция кызматкерлери үч аялды кармашкан.

Бул факт боюнча 171-беренеге ылайык ("Адам сатуу") иш козголду. Кылмышка шектүү аялдар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий