• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте үч автоунаа кагышып, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. 27-июнга караган түнү болжол менен саат 00:10до Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө Toyota 4Runner, BMW жана BMW 545 унаалары кагышкан.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) кабарлашкандай, Toyota 4Runner унаасынын М.Т., аттуу айдоочусу "Сенатор" кафесинин жанында К.М., аттуу жаран башкарып келе жаткан BMW унаасын сүзүп алган. Натыйжада экинчи унаанын ичиндеги жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген.

"Унаалар айып унаа токтотуучу жайга киргизилген. Чогултулган материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий