• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте үч күндүн ичинде кайырчылык менен алектенген 60 адам аныкталды

Коом 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Бишкекте жол боюнда кайырчылык менен алектенген жарандарга карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, кайырчылык менен алектенген жарандар борбордук көчөлөрдө унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдук жаратып, жол тыгынын пайда кылууда.

"Айрым учурларда кайырчылардан айланып өтөм деп, жол кырсыгына кабылган же “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видео көзөмөл камераларына жол эрежелерин бузуу менен түшүп калган унаалар тууралуу фактылар катталууда. Мына ушундай жолдун ортосундагы кайырчылык менен алектенип, унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдук жараткан жарандарга карата чара көрүү тууралуу айдоочулардан да ар кандай кайрылуулар келип түшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагын атайын жолдогу кайырчылык менен алектенген жарандарга карата ыкчам профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. 3 күндүн ичинде “Кудайберген”, “Аламүдүн” базарынын айланасы жана “Батыш автобекетинин” тегерегинде, ошондой эле борбордук чоң көчөлөрдө жолдун ортосунда унаа кырсыктарына жана жол тыгындарына себепкер болгон кайырчылык менен алектенген 60 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Азыркы учурда ал жарандардын аты-жөнү жана үй жайынын даректери аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий