• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте чөнтөк ууру кармалды

Коом 0

Бишкек, 29.03.18. /Кабар/. Милиция кызматкерлери маршруттук таксилерде уурулук кылган 28 жаштагы адамды кармашкан. Ага карата кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен СИЗО-1 киргизилген.

Мурда милицияга чөнтөк уурулук фактысы боюнча арыз түшкөн. 12-мартта белгисиз бирөө маршрутканын ичинде акча жана башка буюмдары болгон капчык уурдалгандыгы маалымдалган.

Ушундай эле арыз менен милицияга 5 жаран кайрылган. Алар маршруткадан акча жана уюлдук телефон уурдатышкан.

Тергөөчүлөр кармалган жарандын буга окшогон дагы 10 кылмышка тиешеси бардыгын аныкташкан

Пикир

Оставить комментарий