• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.01.18 /Кабар/. Бишкекте үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 23-январда болжол менен саат 7:55 чамасында Токомбаев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда “Форд”, “ВМВ-Х5”, жана “Лексус-470” унаалары кагылышкан.

“Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары барышкан. Унаага кыпчылып калган 1 жүргүнчү аялды чыгарышып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий