• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата ири китеп көргөзмөсү өтөт

Маданият 0


Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата 27-апрелде саат 11:00дө борбор калаадагы Курманжан датка эстелигинин алдында ири китеп көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Ринат Бакеев билдирди.

Анын айтымында, көргөзмө Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнүн алкагында өткөрүлөт.

“Ал жерде окурман балдар үчүн дагы ар кандай аянтчалар даярдалат. Ошондой эле Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Кытайдан келген илимпоздордун катышуусунда конференция болот”, - дейт ал.

Бакеев кошумчалагандай, К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында жана Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 27-апрелде саат 03:00дө салтанаттуу иш-чаралар өткөнү турат.

Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов 2022-жылы эл аралык китеп көргөзмөсүндө балдар үчүн атайын чыгарылган Манас китеби баш байге алганын айтат.

“Ал эми өткөн жылдын октябрь айында Ташкентте өткөн көргөзмөдө Манасты дүйнөгө даңазалагандар” аттуу китеби дагы гран-при алган. Ноябрь айында Алматы шаарындагы көргөзмөдө “Чыңгыз Айтмтовдун легендалары жана жомоктору” аталышындагы китеп баш байгени багындырды. Ушундай эл аралык үч сынакта гран-при алыш кыргыз китеби үчүн чоң жетишкендик деп эсептейбиз. 1990-жылдан берки статистика боюнча, китеп чыгаруу көрсөткүчү 2022-жылы 1 миң 360 аталыштагы китепти түзүп, ал жогорку көрсөткүч болуп эсептелинет. Мамлекет тарабынан дагы колдоо болуп, президенттин фондунан 5 млн сом каражатка китеп сатып алынып, республикалык китепканаларга таратылды”, - деди ал.

Момункулов былтыркы жетишкендиктин артынан Бишкектеги китеп көргөзмөсүнө чет өлкөдөн дагы китепкөйлөр келерин белгилеп өттү.

К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын директору Роза Султангазиева ири көзгөзмө 10 жылдан бери борбор калаада өтүп келе жатканына токтолду.

“Бишкекте гана ушундай иш-чара өтпөстөн, аймактардагы китепканаларда, маданий мекемелерде бир жумалык өтөт. Иш-чарада биздин китепкананын мүмкүнчүлүктөрүн жана жетишкендиктерин окурмандарга көрсөтүп, 21 аянтчаны уюштурабыз. Ал гана эмес конкурстар өтүп, китептер белек катары таратылат”, - деди Султангазиева.

Маалымат жыйынынын катышуучулары бардык каалоочуларды эртеңки китеп көргөзмөсүнө чакырып кетти.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү 23-апрелде белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий