• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Чернобыль окуясынын 35 жылдыгы эскерилди

Коом 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Бүгүн Чернобыль атомдук электр станциясындагы (ЧАЭС) кырсыктын жоюлганына 35 жыл толду.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиргендей, Ленин районундагы Ю.Фучик атындагы сейил бакта Чернобыль атомдук электр станциясындагы апааттын эл аралык эскерүү күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Митинг-реквиемдин катышуучулары курман болгондордун элесин бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришип, Чернобыль курмандыктарынын эстелигине гүл коюшту.

Учурда Ленин районунда Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын 59 катышуучусу жана алардын жесирлери жашашат, анын ичинен 44 майып, катышуучунун 13 жесири, 2 кырсыктын кесепеттерин жоюуга түздөн-түз катышкандар.

Жеңилдиктерди оптималдаштыруу жана даректүүлүктү күчөтүү максатында, 2010-жылдын 1-январынан баштап республикалык бюджеттин эсебинен Чернобыль атомдук электр станциясына катышкан Советтик Армиянын майыптарына, Чернобыль АЭСинин майыптарына, катышуучуларына жана апааттан каза болгондордун жесирлерге ай сайын акчалай компенсация төлөнүп берилет.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бул категориядагы жарандарга жыл сайын даректүү социалдык жардамдын жана жеңилдиктердин төмөнкү түрлөрү берилип келет: телефон үчүн абоненттик төлөмгө 100% жеңилдиктер, квартал сайын 500 сом өлчөмүндө стипендия, ЧАЭСтеги жоюлуунун катышуучуларынын жесирлерине 3 миң сом өлчөмүндө, балдар үчүн жаңы жылдык белектер, ошондой эле ЧАЭС күнүнө карата жесирлерге 8 миң сом, катышуучуларга жана майыптарга 5 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку жөлөк пул берилет.

Иш-чарага шаардыктар, Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкандар, борбордун вице-мэри Айжан Чыныбаева, Ленин районунун башчысы Мелис Өскөмбаев, Украинанын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерия Жовтенко, Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын элчиликтеринин өкүлдөрү, Бишкек шаардык "Союз Чернобыль" коомунун төрагасы Тилек Өмүрбеков катышты.

Пикир

Оставить комментарий