• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте чет элдиктерди тоноп, 4 телефон жана акчасын тартып алган адамдар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Бишкекте чет элдиктерди тоноп, 4 уюлдук телефон жана акчасын тартып алышкан. Шектүү катары эки адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, бүгүн түндө “102” кызматына бир батирден белгисиз адамдар уюлдук телефондорду жана акчаларды уурдап кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Эки бейтааныш адам чет элдик жарандардын үйүнө кирип, аларга күч колдонуу менен 4 уюлдук телефон, 400 доллар жана 6 миң сом өлчөмүндө акчасын алып кетишкендиги аныкталган.

Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде “Тоноо” беренеси боюнча катталган.

Кылмышка шектүү катары 31 жаштагы А.Р. жана 36 жаштагы С.Т. аттуу жарандар кармалган. Свердлов райондук ИИБи тарабынан алардын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий