• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте чет өлкөдөн унаа алып келип берем деп жарандарды алдап жүргөн пакистандык кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Бишкек шаардык криминалдык милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген чет өлкөлүк жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, милицияга “М.” аттуу жаранга тийиштүү чара көрүп берүү өтүнүчү менен 3 жаран кайрылган.

Жабырлануучулардын айтымында, бул жаран алдоо жолу менен алардын ишенимине кирип, чет өлкөдөн унаа алып келип берем деп биринен 231 миң сом, экинчисинен 4,1 миң доллар, үчүнчү жарандан 2,3 миң доллар акча алып, кийин жашаган жерин алмаштырып, изин жашырып кеткен.

Алынган фактылардын бары Свердлов райондук ИИБ кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодекстинде каралган 204-берене боюнча (алдамчылык) сотко чейинки өндүрүш башталган.

Комплекстүү издөө иштерин жүргүзүүнүн алкагында милиция кызматкерлери тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон 1966-жылы туулган пакистандык Д.А. аттуу жаран кармалып, каммакка алынды.

“Урматтуу жарандар эгер кимдир бирөөңүздөр аталган кылмышкерден жабыркаган болсоңуздар же кандайдыр бир маалыматы барлар төмөнкү номерлерге чалып билдирүүңүздөрдү суранабыз: 0550 10-26-09, 0707-27-27-44, Свердлов райондук ИИБ нөөмөт бөлүмү: 0312 43-28-15 жана 102 кыска номерине чалсаңыздар”,-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий