• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ИИМ: Чет өлкөлүк студенттерге КР мыйзамдары боюнча түшүндүрмө берилди

Коом 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Кечээ, 14-мартта Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Авиценна Эл аралык медициналык университетинде билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, лекциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери чет өлкөлүк студенттерге өлкөдө жүрүү эрежелерин, Кыргызстандын аймагында мыйзамдарды бузгандыгы же укук бузуулары үчүн жоопкерчилик бар экендигин эскертип, кенен түшүндүрүп беришти.

"Заманбап Кыргызстан меймандос жана толеранттуу өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Бирок, ошол эле учурда, коомго каршы көз караштагы ар кандай кылмыштарды жасаган адамдар дагы жок эмес. Чет өлкөлүк жарандарга каршы кылмыштардын көбү түн ичинде жасалганы белгиленет. Көптөгөн чет өлкөлүктөр жарандар кечинде шаарды кыдырууну артык көрүшөт. Ошол себептен, милиция кызматкерлери чет өлкөлүк студенттерди түнкүсүн көчөдө максатсыз жүрбөө керектигин айта кетишти", - деп айтылат билдирүүдө.

Лекция убагында активдүү талкуулар жүрүп, анда студенттер бардык кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты.

Пикир

Оставить комментарий