• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте чет өлкөлүк студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Кечээ, 16-ноябрда Бишкекте Пакистандан жана Индиядан келген студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштери ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын экинчи башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери чет өлкөлүк студенттерге Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын жана мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин чоң экендигин түшүндүрүп беришти. Анын жүрүшүндө коопсуздук чаралары жөнүндө айтылып, чет өлкөлүк студенттерди түнкүсүн көчөдө максатсыз жүрбөөгө жана ири суммадагы акча каражаттарын алып жүрбөөгө үндөштү.

Мындай алдын алуу иш-чаралары башка жогорку окуу жайларында да өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, жакында Бишкекте чет элдик студенттер студенттер арасында массалык мушташ чыккан. Бейбаштык аракеттери олуттуу кесепеттерге алып келип, кылмыш иши козголгон жана алардын айрымдары окуу жайлардан чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий