• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте чет тили жана компьютердик сабаттуулук боюнча акысыз курстар бар

Билим 0

Бишкек, 26.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында балдар жана жаштар үчүн чет тили жана компьютердик сабаттуулук боюнча акысыз курстар бар. Бул тууралуу “МэйкерСпэйс” илимий лабораториясынын ачык жарманкесинде китепкананын директору Роза Султангазиева билдирди.

Анын айтымына караганда, курстарга окууну каалагандар өздөрүнө ыңгайлуу убакытты тандап окушса боло.

“Бизге окуучулар жана иштеп жаткан жаштар келишет. Алар өздөрүнө ыңгайлуу убакытты тандап, чет тилин жана компьютердик сабаттуулукту үйрөнүшүүдө”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий