• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте четин бакчасы пайда болду

Коом 0

Бишкек, 22.03.18. /Кабар/. Бишкектеги 8-кичи райондо четиндин көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

“Кооз четин бакчасы тууралуу идеяны ишке ашырып, 8-чи кичи райондун аймагында Бишкек шаардык кеңеши жашыл аралча түптөөнү чечти. 1,5 миң чарчы метр жерге шаардык депутаттар, БШК төрагасы Алмаз Кененбаев баштаган шаардык кеңештин аппараты 60 четин көчөтүн отургузушту, - деп айтылат билдирүүдө.

Шаардык кеңештин спикеринин айтымында, экологиялык акция жаратылыш эко тутуму өңүтүнөн алганда абдан маанилүү. “Ар жылы жазында сүйүктүү шаарыбызды ирээтке келтирүү - биздин коомдун эң жакшы салттарынын бирине айланышы керек”, - деди Кененбаев.

“Жашылдандыруу” ишканасынын башкы агроному Эльнура Жолдошева четиндин көчөттөрүн отургузуу микроэкотутумду түзүүгө жакшы шарттарды түзөт. “Четин абдан жакшы бак, айрыкча гүлдөп жаткан учурунда. Бактар жерге алынып, өсүп кетүүсү үчүн арык аркылуу сугарылат”, - деди ал.

Акциянын соңунда шаардык кеңештин спикери ишембиликтин катышуучуларына ыраазычылык билдирип, бардык шаардыктарды жаратылышка аяр мамиле кылууга жана шаарды жашылдандырууга жигердүү катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий