• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте "Чир спорт" жана "Роуп-скиппинг" боюнча мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 07.06.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Арча-Бешик" конушунда орун алган ден-соолукту чыңдоо борборунда 7-июнь күнү "Чир спорт" жана "Роуп-скиппинг" боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Мелдешке Бишкек шаарынан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген командалар катышат. Жалпы жонунан 10 команда күч сынашат. Калыстар Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан турган топ иштейт.

Иш-чаранын максаты "Чир спортун" жыйылтуу жана өнүктүрүү, спорттук оюндарын жаштар арасында жайылтуу, дени сак жашоону пропагандалоо жана спортчулар менен машыктыруучулар арасында тажрыйба бөлүшүү.

Спортчулар жаш курагы боюнча бөлүнөт, алар: 14 жаш жана андан жогорулар "эркектер жана кыздар", 12-16 жаш арасы "юниорлор", 8-11 жаш арасы "өспүрүмдөр", 5-7 жаштагылар "скул беби" жана 2-5 жаштагылар "мини-беби".

Пикир

Оставить комментарий