• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Чоң Чүй каналына 5 жашар бала чөгүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Бишкекте Чоң Чүй каналына 5 жашар бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына (БЧК) 2015-жылы туулган бала чөгүп кеткен.

Издөө иштерине 5 куткаруучу тартылган, азырынча натыйжа жок. ӨКМден баланы издөө иштери бүгүн улантыла тургандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий