• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте Чоң Чүй каналынан адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.21 /Кабар/. Бишкекте Чоң Чүй каналынан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Осмонкул көчөсүндө жайгашкан Чоң Чүй каналынан белгисиз адамдын сөөгү табылган.

Жерине 5 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жеткенге чейин милиция кызматкерлери адамдын сөөгүн суудан чыгарышкан.

Пикир

Оставить комментарий