• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте чоңдор арасында дзюдо боюнча чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 27.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 23-25-ноябрда Кыргызстандын 2017-жылдагы дзюдо боюнча чемпионаты өттү.

КР дзюдо федерациясы билдиргендей, аялдар жана эркектер арасында 14 комплект медаль ойнотулду.

Өлкө чемпионатында “спорт чеберине талапкер” спорттук наамы бар 16 жаштан жогору спортчулар катышты.

“Кыргызстандын биринчилиги үчүн Юрий Краковецкий, Отар Бестаев сыяктуу өлкөнүн күчтүү спортчулары күч сынашты. Жеңүүчүлөр эл аралык турнирлерге катышуу үчүн улуттук курамага кирүү мүмкүнчүлүгүн алышты”, - деп кошумчалашты федерациядан.

Чемпинаттын мелдештери Арча-Бешик конушундагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплексинде өттү.

Пикир

Оставить комментарий