• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте чоңдордун коштоосу жок жүргөн 47 өспүрүм аныкталды

Коом 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунда "Кайырчы" аталышындагы рейддик иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жыйынтыгында туруктуу жашаган жери жок жана кайырчылык менен алектенген 48 адам аныкталды.

"Чоңдордун коштоосу жок жүргөн 47 бала райондук милицияга жеткирилди. Анын ичинен 6 бала социалдык жайларга, 17 бала жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, 24 бала ата-энесине өткөрүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле туруктуу жашаган жери жана өздүгүн тастыктаган документтери жок адамдар сүрөткө тартылып, манжаларынын изи алынып, каттоого алынды.

Белгилей кетсек, иш-чара бир гана тилемчилик кылгандарды эмес, туруктуу жашаган жери жок адамдарды, ошондой эле үйдөн чыгып кеткен өспүрүмдөрдү аныктоо максатында күндүз жана түнкү убактарда өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий