• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте чуңкурларды жамоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 01.04.23. /Кабар/. Бишкекте чуңкурларды жамоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учуруда Чүй проспектисинин Достоевский көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин жол кемчиликтерин жоюу иштери төмөнкү жол тилкелеринде жүргүзүлгөн:

- Чүй проспектисинин Сүйүмбаев көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- Абдрахманов көчөсүнүн Манас проспектисинен Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- Жибек-Жолу проспектисинин Турусбеков көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- Л.Толстой көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- Абдрахманов көчөсүнүн Түштүк магистралдан Совет чолок көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө.

Төмөнкү көчөлөрдү оӊдоо иштери пландаштырылууда:

- Алма-Ата көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- М.Горький көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгүндө;
-Жаш Гвардия бульварынын Жибек-Жолу проспектисинен Л.Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- Шопоков көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
- Жибек-Жолу проспектисинин Осмонкул көчөсүнөн Бишкек шаарынын чек арасына чейинки бөлүгүндө.

"Ошондой эле шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун коопсуздугу үчүн Фирсов көчөсүн бойлой Фере көчөсү менен кесилишкен жерине, Фирсов көчөсүнүн Чаткал көчөсү менен кесилишине жана бала бакчага жакын жайгашкан жерлерге тиешелүү жол белгилери менен жасалма дөңчөлөр орнотулду. Мындан тышкары, Көлбаев көчөсү №42 үйүнүн жанына жана №5 ҮМБнын алдына жасалма дөңчөлөрдү орнотуу пландалууда", - деп белгилешти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий