• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте Чыңгыз Айтматов тууралуу тартылган "Күндөр жана кылымдар" тасмасы көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Бишкекте Чыңгыз Айтматов тууралуу россиялык режиссер Григорий Нахапетов тарабынан тартылган "Күндөр жана кылымдар" тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, бул тасма Бишкекте эртең баштала турган "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалынын ачылышында 12:00дө көрсөтүлөт.

Молдокматова билдиргендей, режиссер тасманын Россиядагы бет ачарын токтотуп, Бишкекте атайын жазуучунун туулган күнүндө бет ачарын өткөргөнү турат. Ал эми тасманын Россиядагы бет ачары 2020-жылдын 15-январында болуп өтөт.

"Күндөр жана кылымдар" тасмасында Айтматовдун коомдук ишмер катары, дипломатиялык кызматтагы иши тууралуу айтылат.

Пикир

Оставить комментарий