• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте чыр-чатактан улам таанышынын бутуна ок аткан БШК депутаты кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.08.21. /Кабар/. Кечээ, 7-августта Бишкек шаардык Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан чыр-чатактан улам таанышынын бутуна ок аткан 1983-жылы туулган Т.Т. кармалды.

Ленин райондук ИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган жаран КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча тергөө абагына киргизилди.

Белгиленгендей, жаран Т.Т. 9-мм калибрдүү "MP-79-9" маркасындагы травматикалык тапанчасын ыктыярдуу түрдө берген .

Эскерте кетсек, 7-августта Ак-Ордодо жаран урушуп кеткен адамынын бутуна ок аткан. Жабырлануучунун жубайынын айтымында, ок аткан адам Т.Т. Бишкек шаардык кенешинин депутаты болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий