• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте COVID-19 менен күрөшүүдө каза болгон дарыгерлердин эстелиги ачылды

Коом 0


Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Бишкекте И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аймагында COVID-19 пандемиясынан каза болгон дарыгерлердин эстелигинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Салтанаттуу аземге КРнын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КР саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев, КР билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров, Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева, белгилүү дарыгерлер, шаардыктар жана каза болгондордун жакындары катышты.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Рахатбек Оморовдун айтымында, эстеликти куруу демилгеси менен ал медицина кызматкерлеринин көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурууну, ошондой эле COVID-19дан каза болгондорго таазим кылууну каалаган.

“Мемориал КММАнын башкы имаратынын алдындагы аллеяга орнотулду, анткени каза болгондордун көбү бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү. Эстелик эки фигурадан турат - COVID -19 менен ооругандардын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан дарыгер жана медайым”, - деди ал.

Мындан тышкары, эстеликте Гиппократтын анты жазылган: “Башкаларга нур чачып, өзүмдү өрттөп жиберем!”.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө каза болгон дарыгерлерге таазим кылды.

“Алардын көбү өз элине жардам берүү үчүн жанын беришкен. Кызыл зонада ушул күнгө чейин иштеген дарыгерлер бир нече ай бою туугандарын жана досторун көрүшпөйт. Бул эстелик биздин көбүбүз өмүрүбүз үчүн карыз болгондорго - дарыгерлерге кичинекей ыраазычылык. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, алар дагы эле COVID-19 менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында”, - деди ал.

Ошентип, салтанаттуу ачылыштан кийин мемориалга гүл коюлуп, академиянын студенттери тарабынан уюштурулган концерт COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө өз өмүрүн берген медицина кызматкерлеринин элесине арналды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, медициналык университеттин мамлекетке өзгөчө сиңирген эмгегин баалоо үчүн И.К.Ахунбаев атындагы КММАга “Даңк” ордени берилди.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери 180 миң 6 учур катталган, анын 6 миң 866сы медицина кызматкерлери. Жалпысынан 100дөн ашуун медициналык кызматкер COVID-19дан көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий