• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте COVID-19 менен ооругандар үчүн стационарларда 772 бош орун бар

COVID - 19 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб 26-июль, саат 14:00гө карата бош орундар боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте жалпы 772 бош орун бар.

- Улуттук хирургия борборунда – 19;
- Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – 65;
- №2 Клиникалык төрөт үйүндө – 22;
- №1 шаардык клиникалык ооруканада – 60;
- №6 шаардык клиникалык ооруканада – 4;
- Улуттук кардиология жана терапия борборунда – 10;
- Чүй облустук бириктирилген ооруканада – 26;
- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн – 37;
- Улуттук онкология жана гематология борборунда – 28;
- Улуттук госпиталь: Урология корпусунда – 18;
- Улуттук госпиталь: Мобилдик госпиталда – 20;
- Республикалык наркология борборунда – 45;
- Аскер госпиталында – 18;
- Курортология жана калыбына келтирүү институтунда – 186;
- Улуттук госпиталь: Нейрокорпусунда – 54;
- Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде – 126;
- Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда – 20;
- КММА фтизиатрия борборунда (№6 жатакана) – 14 орун бар.

Кошумча маалыматты картада көрсөтүлгөн телефон номерлер боюнча тактап алууга болот. https://map.covid.kg/

Пикир

Оставить комментарий