• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте COVID-19 менен ооругандар көбөйүп жатканы байкалууда – Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Бишкекте COVID-19 менен ооругандар көбөйүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына караганда, өлкө боюнча 75 жаңы учурдун 56сы борбор калаага туура келет.

«Ошондуктан жарандарды 1,5 метр социалдык аралыкты сактоону, эл көп топтолгон жерлерге барбоону, беткап тагынуу жана өздөрүн жана жакындарын коркунучка учуратпоо үчүн ведомствонун сунуштарын аткарууну суранабыз», - дейт Акматова.

Пикир

Оставить комментарий