• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте COVID-19га каршы эмдөө алган 360 жарандын 295и медкызматкерлер

COVID - 19 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Бишкекте марттан бери COVID-19га каршы вакцина алган 360 жарандын 295и медицина кызматкерлери, 20дан ашыгы борбор калаадагы мектептердин мугалимдери, 65 жаштан ашкан шаардыктар жана аскер кызматкерлери. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, вакцинациялоо баскыч-баскычы менен жүргүзүлөт.

- Биринчи баскычта кооптуу зонададагы калктын катмары алат: 65 жаштан ашкандар, медицина кызматкерлери, мугалимдер, аскер кызматкерлери жана башкалар;

- Экинчи баскычта өнөкөт оорусу бар жарандар;

- Үчүнчү баскычта калктын социалдык-аялуу катмары жана ага кошумча каалоочулар.

“Бүгүнкү күнгө карата төрт райондук Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, андан тышкары Ленин райондук №2 ҮМБ, Биринчи май райондук №7 ҮМБда эмдөө бөлмөлөрү ачылган. Вакцина алгандан кийин бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн өзүнчө кабинеттер каралган. Медиктер үчүн окутуучу семинарлар өткөрүлдү”,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, шаардык бийлик эмдөөдөн мурун макулдук тууралуу баракча толтурулуп, врачтардын текшерүүсүнөн өтүлөрү, эмдөө жана анын терс таасирлери тууралуу маалымат берилерин белгиледи. Муну менен катар, ар бир жаранга вакцинанын алынган убактысы жана дозасы жана кийинки эмдөөнүн датасы жөнүндө маалыматтарды камтыган эскертүү картасы берилет. Эмдөө алгандардын бардык маалыматтары бирдиктүү базага киргизилет.

Белгиленгендей, эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

Ошондой эле эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр да бар:

- Оорунун оор формасы менен ооругандар жана ПЧРдин оң жыйынтыгы барлар;

- Анамнезеге оор аллергиясы барлар;

- Кош бойлуулук жана эмчек эмизүү;

- 18 жашка чейинки балдар;

- 1-эмдөөгө аллергиялык реакция болушу мүмкүн (анафилактикалык шок, дене табы көтөрүлүү).

Эскерте кетсек, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактикалык борбору 150 миң доза кытай вакцинасын алган. Эмдөө 25-28 күн аралыкты сактоо менен эки жолу жүргүзүлөт. Аталган вакцина алгандан кийин терс таасирлер каттала элек.

Вакцинациялоого байланыштуу бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот: 0(312) 546521, 0(312) 546104.

Пикир

Оставить комментарий