• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте COVID-19га каршы эмдөө алуунун кошумча пункту ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Борбор шаардагы студенттер поликлиникасында COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн кошумча пункт ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алуу төмөнкү даректе өтөт: Рыскулбеков көч. 8, 15:00дөн 23:00гө чейин, сурап-билүү телефону: 0(312) 66 52 63.

Мэриянын маалыматы боюнча, борбор калаада эпиедмиологиялык абал курч бойдон калууда, акыркы суткада 120 жаңы учур аныкталып, 11 адам айыгып чыкты. 2 бейтап каза болду.

“Урматтуу шаардыктар! Эмдөө – коронавирус инфекциясын алдын алуунун эң натыйжалуу ыкмасы”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата 16 миңден ашык адам эмдөөдөн өттү, анын ичинде 65 жаштан жогорку кары-картаңдар, медиктер, педагогдор, күч түзүмдөрүнүн жана мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле бардык каалоочу шаардыктар бар.


"Эмдөөгө байланышкан бардык суроолор менен "Эмдөө" ишеним номерине: 313297 жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнө 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот", - деп айытлат маалыматта.

Sinopfarm вакцинасын төмөнкү даректерден алууга болот:

• Ленин районунун БҮМБ- 64 45 57; 0505 111 330;
• Биринчи май районунун БҮМБ- 32 55 71; 0550 701 002;
• Свердлов районунун БҮМБ- 63 51 22; 0505 286 670;
• Свердлов районунун №4 ҮМБ - 0709 828 314;
• Свердлов районунун №8 ҮМБ - 0551 117 744;
• Свердлов районунун №9 ҮМБ - 0778 376 662;
• Биринчи май районунун №14 ҮМБ - 0500 008 208;
• Биринчи май районунун №16 ҮМБ - 0550 651 170;
• Октябрь районунун №15 ҮМБ- 0703 210 476;
• Октябрь районунун №19 ҮМБ- 0709 655 540;
•Ленин районунун Калыс-Ордо жаңы конушундагы медициналык амбулатория, №13 ҮМБ - 0550 500 845;
• Свердлов районуна караштуу “Учкун”, “Бакай-Ата”, “Кара-Жыгач” ҮМБ медициналык амбулаториясы - 0505 286 670;
• Свердлов районунун «Кара-Жыгач» жаңы конушунун №8 ҮМБ медициналык амбулаториясы - 0551 117 744;
• Биринчи май районундагы №14 ҮМБ “Ак-Бата”, “Ак-Босого” жаңы конуштарындагы медициналык амбулаториясы - 0500 008 208;
• Темир жол ооруканасынын поликлиникасы - 0773 261 250.

"Гам-Ковид-Вак" эмдөөсү (Sputnik V) төмөнкү даректерде жүргүзүлөт:

• Октябрь районунун БҮМБ - 57 09 15: 0703 293 793 ;;
• Ленин районунун БҮМБ №2 ҮМБ - 64 45 57; 0505 111 330;
• Биринчи май району БҮМБ №7 ҮМБ - 0550 151 528;
• Свердлов району БҮМБ №8 ҮМБ - 63 51 22; 0505 286 670.

Пикир

Оставить комментарий