• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте COVID-19га каршы эмдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Бишкекте COVID-19га каршы эмдөөнүн маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук билим берүү борбору №11 ҮМБнын дарыгерлери, иммунолог жана үй -бүлөлүк дарыгер менен биргеликте №2 жана №13 орто мектептердин мугалимдер жамааты үчүн түшүндүрүү иштери жүргүздү.

Жолугушууда мугалимдерге Sinopharm жана Sputnik-V вакциналарынын айырмасы тууралуу түшүндүрмөлөр берилип, терапевтке баруу, ден соолукка байланыштуу беткап кийүү жана эмдөө боюнча сунуштар айтылды.

Эмдөө коэффициенти төмөн (30%дан төмөн) Ленин районунун жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки уюмдарынын мугалимдери үчүн бул жолугушуулар 4 -сентябрга чейин өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий