• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте COVID-19га каршы «Спутник V» вакцинасын кайдан алса болот? Мэриянын жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Бишкекте россиялык «Спутник V» вакцинасы менен 5 үй-бүлөлүк медицина борборлорунан эмдөөдөн өтүүгө болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматынан.

«Спутник V» вакцинасы менен эмдөө төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:

- Биринчи май районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 32 55 71, 0550 701 002 – Дилара Табалдиевна Искакова;
- Октябрь районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору - 57 09 15, 0703 293 793 – Саадат Акматбековна Куттубаева;
- Ленин району БҮМБ №2 Үй-бүлөлүк медицина борбору - 0553 116 364 – Саадат Бекбаевна Уралиева;
- Биринчи май районунун БҮМБ №7 Үй-бүлөлүк медицина борбору - 0(312) 62 09 62 - Аиза Урустомовна Солтогулова;
- Свердлов районунун БҮМБ №8 Үй-бүлөлүк медицина борбору - 0(312) 43 39 03; 0551 117 744 – Анара Мукашевна Шакеева.

Бардык суроолор боюнча Эмдөөнүн ишеним телефонуна: 313297 кайрылыңыздар, ошондой эле Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмү: 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номурлары аркылуу байланышта.

Белгилей кетсек, “Спутник V” эмдөөсү 60 жаштан жогору адамдарга, ошондой эле дарылоочу дарыгердин жолдомосу менен өнөкөт оорулары бар адамдарга көрсөтүлгөн.

Эмдөө иштери Республикалык иммунопрофилактика борбору жана Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан координацияланат.

Пикир

Оставить комментарий