• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте дүйнөнү кыдырып чыккан учкуч Союзбек Салиевдин сүрөт көргөзмөсү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Кыргыз республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада дүйнөнү кыдырып учкан учкуч Союзбек Салиевдин “Менин “Улуу жол” менен жер шарын айланган саякатым. Учкучтун күндөлүгү” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Сүрөт көргөзмөдө Союзбек Салиевдин бир моторлуу учак менен Жер шарын айланып учканы баяндалат.

Эскерте кетсек, ал өзүнүн саякатын 2016-жылы ишке ашырган. Литвалык штурман Йонас Юкниус менен бирге 46 миң километр аралыкты 62 күн аралыгында учуп өтүшкөн. Алар Африка, Түштүк Америка жана Евразия континенттеринин жана Атлантика, Тынч, Инд океандарынын үстүнөн өткөн. Ал жылы С. Салиев өзүнүн учуусун КР эгемендигинин 25-жылдыгына арнаган.

Эки жылдын соң, 2018-жылы жер шарын айланган учкучтардын кезектеги слетунда ал эл аралык коомчулук тарабынан таанылып, жер шарын айланып учкандардын дүйнөлүк клубуна кабыл алынган.

Союзбек Салиев, Борбор Азия жана түрк тилдүү мамлекеттерин ичин чыккан алгачкы жер шарын бир моторлуу учак менен айланып чыккан учкуч болуп калды.

Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч., 208. А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасы.

Пикир

Оставить комментарий