• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте дүйнөнүн түрк университеттеринин ассоциациясынын I спорттук оюндары өтүүдө

Спорт 0


Бишкек, 17-май /Айжмамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте “Манас” Кыргыз-Түрк университетинде 15-майда дүйнөнүн түрк университеттеринин ассоциациясынын I спорттук оюндары башталган.

ЖОЖдун басма сөз кызматы билдиргендей, оюндарга 4 өлкөнүн 250гө жакын студенти катышууда. Алар спорттун 6 түрү боюнча мелдешишет.

Оюндун максаты студенттерди дене тарбия жана спорт менен алектенүүгө тартуу, студенттер арасында спорттук чеберчиликти жайылтуу жана жакшыртуу, түрк университеттеринин ассоциациясынын арасында мыкты спортчуларды аныктоо болуп саналат.

Оюндар 19-майга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий