• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте милиция кызматкерлери дүкөндү карактоо аракетин алдын алышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери Бишкекте дүкөндү карактоого аракет кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-февралында саат 01:09 Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн кайтаруусунда турган Матросова көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринен коогалаң белгиси Борбордук көзөмөл түйүнүнө келип түшкөн.

Бөлүмдүн 1-взводунун №353 кармоо тобунун кызматкерлери кармоо тобунун взвод командиринин орун басары милициянын прапорщиги Ишен уулу Кубанычбек, милиционер автоматчик милициянын старшинасы Эсенкул уулу Арслан, милиционер айдоочу милициянын прапорщиги Кумарбеков Улукбек 4 мүнөттүн ичинде чакыруу келген жерге жетишкен.

Барган учурда дүкөндүн темир эшиги ийилип жана кулпусунун ичинде зым тыгылып турганын байкашып, дароо бөлүмдүн нөөмөт бөлүмүнө билдиришип, дүкөндү көздөй баратканда ичинен азият улутундагы жашы 20-23 жаштагы жигит качууга аракет жасаган учурда аны качырбай кармап калышкан.

Кармалган жаранга текшерүү жүргүзгөн учурда чөнтөгүнөн темир кескен араа жана машина оңдоочу ачкыч табылган.

Маалыматка ылайык, кылмышкер Ысык-Көл облусунун жашоочусу И.Д. болгон. Уурдоого шектуу жаран Октябрь райондук ИИБ тергөө кызматына жеткирилип, соттук өндүрүш башталды.

Пикир

Оставить комментарий