• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте дүкөндөн өрт чыкты – видео

Кырсык 0


Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Бишкекте алдын ала маалымат боюнча Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан №49 турак үйдүн жанында азык-түлүк сатуучу дүкөндөн өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө саат 15:59да куткаруу борборунан бир бөлүм тартылган. Саат 16:53тө тилсиз жоо чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий