• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте дүкөндөрдө “Kyrgyzstan” шоколады сатыла баштады

Коом 0


Бишкек, 29.12.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте күн мурун КРде өндүрүлгөн, жаңы “Кыргызстан” (Kyrgyzstan) аталыштагы шоколаддын ачылышы болду. Бул тууралуу атамекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, келген коноктор шоколаддын даамына жогорку баа берип, таңгактоосун жактырышкан.

Өндүрүүчүлөр билдиргендей, аттуу бельгиялык ингредиенттерден жасалат. Себеби дегенде Бельгия шоколады дүйнөдөгү эң таттуу болуп саналып, эч кандай кошумчасы жок, жогорку сапаттагы табигый азыктардын жардамы менен өндүрүлөт.

Facebook колоднуучусу Гена Капаров шоколаддык даамы абдан сонун экендигин билдирген. “Эсиңерде болсо, мен “Казахстан” деген шоколад Борбор Азиядагы эң таттуу шоколад деген элем. Аны унуткула. Ал бул шоколаддын жанында да турбайт. Халал дагы”,-деп билдирген таттуу сүйүүчү.

Эске сала кетсек, 29-декабрдан тарта көптөн күткөн “Кыргызстан” шоколады сатыкка чыккан. Аны “Боорсок” дүкөнүнүн текчелеринен табууга болот.

Пикир

Оставить комментарий