• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте дагы 3 стационардын иши токтотулду

Коом 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Бишкекте дагы 3 стационардын иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, шаарда жарандардын көбү айыгып, айрым стационарларда кайрылган бейтаптардын саны азйаса, айрымдарда кайрылгандар жок.

Кечээ күнү күндүзгү стационарларга 733 киши (алар ачылгандан бери эң аз сан), ал эми 9-августтан 10-августка караган түнү түнкү стационарларга 42 киши кайрылган.

"Чыгымдарды оптимизациялоо жана күз-кыш мезгилине адам ресурстарын сактоо үчүн жарандар аз кайрылган стационарлар убактылуу жабылууда. Аламүдүн кичирайонундагы №38 мектептеги күндүзгү стационар, CONSUL ресторанындагы жана "ДСК" спорткомплексиндеги түнкү стационарлар ишин токтотту", - деп билдирет мэрия.

Мэриядан билдиришкендей, учурда калган стационарлар кадимки тартипте иштеп жатат.

"Санитардык бөлүктөрдүн иши токтотулганына байланыштуу медиктердин саны азайтылды. Азыр 137 адам иштеп жатат: 40 дарыгер, 50 медайым, 30 санитар жана ыктыярчылар", - деп билдирет мэрия.

Пикир

Оставить комментарий