• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте дагы 9 мектеп жана бала бакча оңдолот

Коом 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Бишкекте дагы 9 мектеп жана бала бакча оңдолот, - деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Мэриядан шаардыктар менен тыгыз кызматташып, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын колдоосу менен калааны жакшыртуу боюнча иштер улантылып жаткандыгын билдиришти.

"Жакында мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы шаардык парламенттин депутаттарынын жарандык демилгелеринин алкагында борбордогу мектептерде жана бала бакчаларда оңдоо иштерине сынактык тендер өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.

Шаардык муниципалитеттен маалымдашкандай, 9 жалпы билим берүү уюмдарын оңдоо пландаштырылууда. №7, №47, №8 мектептеринде жана №72, №185 балдар бакчасында терезе блоктору, №13 мектепте терезе жана эшик блоктору алмаштырылат. №53 бала бакчанын чатыры, №26 бала бакчанын жыгач полу оңдолот.

Жарандык демилгелер боюнча пландалган сынактардын жалпы суммасы 8 миллион 719 миң 890 сомду түзөт. Тендер бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат.

"Сатып алуулар жөнүндө сөз кыла турган болсок, Кара-Жыгач жаңы конушунун жашоочулары сентябрда Капиталдык курулуш башкармалыгынын ушул кичирайонго канализациялык тармактарды төшөө үчүн тендер жарыялаганын, бирок тендер өтпөй калган. Шаардыктардын өтүнүчү боюнча биз дагы деле болсо жогоруда аталган объект боюнча сынакты кайрадан жарыялоону пландап жатабыз, жумуштун алдын-ала баасы 3 млн 392 миң 100 сомду түзөт", - деп кошумчалашты мэриянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий