• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте дагы бир эмдөө пункту ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районундагы дагы бир эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 12-кичирайондогу «ДК» соода борборунда дагы бир эмдөө пункту ачылды. Иштөө убактысы 08:30дан 21:00го чейин.

«Эмдөө ала турган адамдардын жанында паспорту болушу керек, анткени бардык маалыматтар (паспорт жана вакцина жөнүндө маалыматтар) Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин COVID-19 эмдөөсүнүн базасына киргизилет»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Октябрь районунда коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу иштери улантылууда.

Мындан тышкары, Октябрь районунун мобилдик тобу эл көп чогулган жерлерде санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин жана талаптардын аткарылышын камсыздоо максатында рейддерди өткөрүүнү улантууда. Бул жолу коомдук тамактануу жайлары текшерилди. Ковид-19га каршы эмдөөнүн зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жигердүү жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий