• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте дагы бир жаңы сейил бак пайда болду

Коом 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан жаңы сейил бак курулду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, кичи эс алуу аймагы турак жай имараттарынын жана коомдук мекемелердин жанында жайгашкан. Ыңгайлуу жайгашкандыктан, шаардыктар эс алуу убактысын үйдүн жанында өткөрө алышат, ал эми балдарга аянтчада ойногонго шарт түзүлөт.

Паркта отургучтар, көптөгөн турниктер жана машыгуу жабдуулары бар жана айланасы тосмо менен тосулган.

Эске сала кетсек, буга чейин бул жерде мыйзамсыз күркөлөр болгон.

Пикир

Оставить комментарий